15 млн сомдон ашык алдамчылыкка айыпталган жаран Молдовадан экстрадицияланды
Башкы прокуратуранын Молдова Республикасынын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаран Кыргыз Республикасына экстрадицияланып, тергөө абагына киргизилди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирип, автоунаа алып берүү жана сатып берүү шылтоосу менен алдап, аларга жалпы 15 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирген.
Башкы прокуратура тергөөдөн жана соттон чет өлкөлөрдө жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана өлкөгө кайтаруу, кылмыш жоопкерчилигинин сөзсүз болушун камсыз кылуу, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерди ырааттуу улантууда.