Акыркы суткада 870 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 870 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 627, Ошто — 8, Чүйдө — 141, Ош облусунда — 12, Таласта — 12, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 21, Жалал-Абадда — 16, Баткенде — 28 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 192 миң 158 адамга жетти.

Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 838 адамды түздү.