Акыркы суткада 870 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 870 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 600, Ошто — 10, Чүйдө — 161, Ош облусунда — 16, Таласта — 18, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 13, Жалал-Абадда — 23, Баткенде — 27 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 193 миң 28 адамга жетти.

Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 842 адамды түздү.