Акыркы суткада 91 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 91 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 42, Чүйдө — 22, Ош облусунда — 4, Ысык-Көлдө — 14, Жалал-Абадда — 2, Баткенде — 4, Таласта — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 590 адамга жетти.

Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 679 адамды түздү.