Акыркы суткада 996 адамдан коронавирус аныкталып, 13 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 996 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  603, Ошто — 9, Чүйдө — 126, Ош облусунда — 26, Таласта — 12, Нарында — 14, Ысык-Көлдө — 56, Жалал-Абадда — 92, Баткенде — 58 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 160 миң 85 адамга жетти.

Соңку суткада 13 киши оорудан каза болду. Бишкекте сегиз, Чүйдө үч, Жалал-Абадда бир, Баткенде бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 288 адамды түздү.