Акыркы суткада коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Анын бири эмделген

Бүгүн, 24-сентябрга караган сутканын ичинде Кыргызстанда коронавирустан 2 бейтап каза тапты. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирген.

Ал эми журналисттерге Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирген маалымат боюнча, 1960-жылы туулган бейтап (эркек киши) «Синофарм» вакцинасы менен биринчи жолу 28-августта, экинчи жолу 18-сентябрда эмделген. Борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова бул окуя иликтенип жатканын кошумчалады.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри вакцина алгандардын арасында коронавирустан каза болгондор жок экендигин айткан болчу.