«Бул окуяга байланыштуу көп дарыгерлер иштен кеткиси келип жатат». Министрлик камакка алынган дарыгерлер тууралуу үн катты

«Акыркы убакта бул окуяга байланыштуу көп дарыгерлер иштен кеткиси келип жатат». Саламаттыкты сактоо министрлиги камакка алынган дарыгерлер тууралуу үн катты.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт. Тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыктан, бүгүнкү күндө биз аларга таасир эте албагандыктан, кырдаалга байкоо салып гана тура алабыз. Буюрса жакынкы күндөрү алардын чыгышына ишенебиз жана үмүт артабыз.

Каза болгон наристенин жакындарына көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер айрым учурда медициналык жардам көрсөтө алышпай калат, бирок биз ар дайым бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн акырына чейин зарыл болгон нерселердин баарын жасайбыз. Акыркы убакта бул окуяга байланыштуу медицина чөйрөсүндө көптөр жумушун таштап же иштен кеткиси келип жатканы тууралуу кептер айтыла баштады. Бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгерлик кесип эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет, дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улут саламаттыгын сактоо үчүн жан үрөп келишет. 

Дарыгерлерибиздин, жаш кызматкерлерибиздин туугандары жана жакындары менен байланышта болуп, колдон келген жардамыбызды берип жатканыбызды белгилейбиз. Ошондой эле, мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди», — деп жазылат маалыматта.

Бишкектеги ооруканалардын биринде баланын өлүмүнө байланыштуу 5 дарыгер 10-январга чейин камакка алынып, 1 дарыгер үй камагына чыккан болчу.