«Ал акчага Түркияда эс алса болот». Антимонополия Ысык-Көлдөгү баага таасир бере албарын айтты

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы туризм рыногундагы бааларды көзөмөлдөй албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында аталган кызматтын төрагасы Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоору талкууланууда.

Депутат Бахридин Шабазов Ысык-Көлдө туристтик сезондо тиешелүү шарттар жок болсо да, эмне үчүн баалар кымбат болуп жатканын сурады. «Биз өлкөгө туристтерди тартуу зарылдыгын айтып жатабыз. Бирок Ысык-Көлдө меймандарды кандай шартта тосуп аларыбызды билесиз. Бааларга келсек… Мисалы, Орусиядан турист келип бааларды көрүп, ойлонот. Бул акчага андан көрө Түркияда эс алганым жакшы дейт. Анан ал жактагы тейлөө биздикинен жакшы. Сапаттуу кызмат көрсөтпөй элден көп акча алуу адилетсиздик. Бааларга көңүл бургула», — деди депутат.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын башчысы Кеңешбай Тайлаков туризм тармагындагы баалар суроо-талап менен сунуштан көз каранды экенин белгиледи. «Бул рынок атаандаштыкка жөндөмдүү. Ошондуктан алар баа саясатын өз алдынча аныкташат. Бирок ал жактагы монополист субъекттерди аныктасак, анда алар реестрге киргизилгенден кийин тиешелүү чараларды көрөбүз. Азыр бул базарда монополист субъект жок», — деп түшүндүрдү ал.