«Ала-Арча» паркынан 4 өспүрүм куткарылды (видео)

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору тарабында дайынсыз болуп жаткан 4 өспүрүм аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 31-августта 15 жаштагы үч өспүрүм жана 16 жаштагы бир өспүрүм дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун «Ала-Арча» паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылган.

Издеп табуу үчүн көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында өспүрүмдөр аман-эсен куткарылып, ата-энесине өткөрүп берилди.