Ала-Арча суусунда балык кармагандар кимдер? Мэриянын түшүндүрмөсү

Бишкек мэриясы Ала-Арча суусунда балык кармаган видео боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин мэриянын Ала-Арчага коё берген балыктарын ошол эле күнү кармап кетишкенине күбө болгондор соцтармакка видео жарыялашкан.

Мэриянын маалыматына ылайык, балыктар сууга экологиялык акциянын алкагында салынган. Акция булганган сууга шаардыктардын көңүлүн буруу максатында уюштурулган. «Спутник» сайты жазгандай, иш-чара бүткөндөн кийин аларды кайра муниципалитеттин эле кызматкерлери кармап, чогултушкан. Бирок мыйзамсыз балык уулагандар да болгону айтылды. Мэрия аларды издеп, айып салбай турганын билдиришти.

Видеодогу кайырмак көтөргөндөр мэриянын кызматкерлери.