Ала-Букада 98 жашка чыккан милициянын ардагерине белек берилди

Ала-Букада 98 жашка чыккан ардагер сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 98 жыл толду. Аны менен катарлаш Ала-Бука районун тургуну милициянын старшинасы Артык Камалов аксакал да 98 жаш кутман курагын белгилөөдө.

«Милициянын түзүлгөн жылында туулуп, милицияда кызмат өтөп, 1982-жылы ардактуу эс алууга чыккан ардагерге райондук администрациянын башчысы Кайырбек Чаргынбаев, Ала-Бука РИИБдин начальниги милициянын полковниги Азенбек Козукеев жана башкалар барышып, ардагерге бекем ден соолук каалап куттукташып, белектерин тартуулашты. Ал эми 98 жашты белдеген ардагерибиз формачан кесиптештерин көрүп чымырканып, кубанычы кучагына толуп, алакан жайып жергебизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибизде токчулук болушун каалап келген конокторго ак батасын берди», — деп айтылат маалыматта.