«Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароолду реконструкциялоо иштери аяктады (сүрөт)

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында ардактуу кароолду реконструкциялоо иштери аяктады. Учурда инфракызыл жылыткыч орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ошондой эле жылуу пол орнотулуп, кабинанын үстү алмаштырылып, айнектер коюлуп, килемдер алмаштырылган. Металл тосмолор сырдалып жана алардын элементтери алмаштырылды.

Мындан тышкары, стандарттык өлчөмү 75 сантиметр болгон мамлекеттик гербинин сүрөтү орнотулду. Чыгымдын жалпы суммасы 1 345 500 сомду түздү.