«Ала-Тоо» аянтындагы балатынын чырагын жандырууда бир бала жоголуп, кайра табылды

Кечээ, 15-декабрда саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысынын чырагын жандыруу аземи болуп, анда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.
Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча 600дөн ашуун шаардык милиция кызматкерлери камсыздашты. Иш-чаранын жүрүшүндө бир бала жоголуп, ал табылып, ата-энесине аман-эсен жеткирилген. Майрамдык иш-чарага 6 миңге жакын жаран келди.