«Ала-Тоо» аянтындагы жаңы фонтандар сапатсыз курулган» деген видео тарады

Социалдык тармактарда «Ала-Тоо» аянтында курулган жаңы фонтандардын капталдарынан суу агып жатканы тууралуу видео тарады.

Анда видеого тартып жаткан адам фонтандар сапатсыз курулганын айтып жатканын угууга болот. «Ала-Тоо» аянтындагы фонтандар 21-сентябрда салтанаттуу түрдө ачылган.