«Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык майрамдан кийин 5 тонна таштанды чыгарылды (сүрөт)

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Жаңы жыл түнү саат бирден таңкы бешке чейин Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтынан 5 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жалпысынан таштанды тазалоого 60 адам жана 7 техника колдонулган. Ал эми жаңы жыл түнү борбордук көчөлөрдү тазалоо иштерине 500дөн ашык тазалыкчы жана 42 техника тартылган.