«Ала-Тоо» аянтындагы концерттен кийин 4 тонна таштанды чыгарылды

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң “Ала-Тоо” аянтынан жалпы 4 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника, анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган. Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челектер жана 20 биодаараткана орнотулган. Ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду да орнотушкан.

2021-жылы 31-августта да аянттан жалпы 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.