Алайда 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Кечээ, 19-декабрда саат 20:52де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.  Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышта болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.