Алайкуга барган жолдо кар көчкү түшүп, жол жабылды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунун 74-85 чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 16000 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды.
Унаа жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн №26 ЖТИден 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 манипулятор тартылган.
Учурда унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.