Памирлик кыргыздарга курулган Алай районундагы үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, үйлөрдү пайдаланууга берүүгө өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов катышкан.
Ооганстандын Памириндеги этникалык кыргыздарды Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнө убактылуу жайгаштыруу үчүн мектептин пайдаланылбай турган эски окуу корпусу берилген. Тагыраагы 12 класс оңдоодон өткөрүлүп, электр жабдуулары жаңыланып, 11 үй-бүлөгө күнүмдүк тиричиликке зарыл болгон идиш-аяк, төшөк, жаздык, палас-килемдер, көмүр жагуу үчүн мештер сатып алынып жергиликтүү бюджеттин эсебинен 322 миң сом сарпталган.
Бишкекте кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата конференция өтүп жатат
Бишкекте бүгүн, 8-октябрда жыл сайын белгиленүүчү 5-октябрь - Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата VI илимий-практикалык конференция өтүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министринин...