Памирлик кыргыздарга курулган Алай районундагы үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, үйлөрдү пайдаланууга берүүгө өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов катышкан.
Ооганстандын Памириндеги этникалык кыргыздарды Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнө убактылуу жайгаштыруу үчүн мектептин пайдаланылбай турган эски окуу корпусу берилген. Тагыраагы 12 класс оңдоодон өткөрүлүп, электр жабдуулары жаңыланып, 11 үй-бүлөгө күнүмдүк тиричиликке зарыл болгон идиш-аяк, төшөк, жаздык, палас-килемдер, көмүр жагуу үчүн мештер сатып алынып жергиликтүү бюджеттин эсебинен 322 миң сом сарпталган.
Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде суракка алынганы маалымдалууда
Кечээ, 28-апрелде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев...










