Аламүдүн капчыгайына кетип, дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө уланууда

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан Маматалы уулу Мукамбеталыны издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ал 1996-жылы туулган жана 2024-жылдын 14-январында Бишкектеги Абдыкадыров көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Туугандарынын айтымында, дайынсыз жоголгон Маматала уулу Мукамбеталы акыркы жолу «12 каминов» эс алуу аймагынан байланышка чыккан. Ал эс-тутумунун начарлыгы менен жабыркайт.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн босло, 0312 363523, 0500190151, 0501230290 номурларына чалсаңар болот.