Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан жигитти 350дөн ашык киши издеп жатат (сүрөт)

Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жигитти издөө ишине чыккандардын саны саат 15:00гө карата 358 адамга жетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алардын 187си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Инсараг тобунун 5 куткаруучусу, 27 ыктыярчы, 139 ИИМдин кызматкерлери. Куткаруучулардын курамында 5 кинолог бар.

Издөөчүлөр ӨКМдин 11 дрону, Инсараг тобунан 4 дрон, ыктыярчылардан 3 жалпы 18 дрон менен иш алып барууда.

Мындан тышкары жалпы 20 техника, анын ичинен 17си ӨКМдики. 16-январь күнү ӨКМге түшкөн маалыматтын негизинде, 14-январдан бери Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 1996-жылы туулган М. уулу М. аттуу жаранды издөө иши министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.