Аламүдүн районунда 4 мектеп карантинге жабылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 4 мектеп карантинге жабылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук Санэпидкөзөмөл борборунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Түштүк Ала-Арча орто мектеби, Лебединовкадагы №1 жана №2 орто мектептери жана Ала-Арча орто мектеби жабылган. Буга мектептерде окуучулардын сабакка келбегени 20 пайыздык ченден өткөнү себеп болгон.

«Окучуулар сабакка келбей, мектеп карантинге жабылып жатат. Бүгүн кечкиге карата эки райондогу айрым мектептер жабылышы мүмкүн»,- дешти.