Аламүдүн районунда жаңы АвтоЦОН ачылды. Анда жоголгон айдоочулук күбөлүктөр калыбына келтирилет

Ички иштер министрлигинин «Унаа» ишканасы бүгүн, 12-августта жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жаңы сектор ачты.
Сектор Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында Больничная көчөсү 41 дарегинде жайгашкан. Аталган сектор жоголгон жана эскирген айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүү, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтарын көрсөтөт.
Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жана оперативдүү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында 2023-жылдын башынан бери республиканын аймактарында 4 жаңы сектор ачылган жана учурда жаңы бөлүмдөрдү ачуу максатында аймактарда талдоо жүргүзүлүүдө.