Аламүдүндө 37 жаштагы Талайбек Шаршеналиев дээрлик 1 айдан бери дайынсыз болууда

Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери 37 жаштагы Талайбек Шаршеналиевди издеп жатышат. Эжесинин айтымында, 12-августта саат 10:00дө Арашан айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

«Изделип жаткан адамдын белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай, чачы кыска кара, көздөрү күрөң, кырдач мурун. Ал көк түстөгү спорттук свитер, ак чийиги бар кара түстөгү спорттук шым кийип жүргөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Изделип жаткан жаранды көрүп-билгендер  болсо, 0312363523, 0999210709, 0709211808, 0550343363, 0504772277 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат.