Алдыңкы 75 студентке 60 миң сомдон президенттик стипендия тапшырылды

“Мамлекет мындан ары да билим берүү, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга да өзгөчө көңүл бурат”, — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Быйыл Кыргызстандын бардык университеттеринен 75 студент президенттик стипендияга ээ болду. Алар президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты. Президенттик стипендия берүү үчүн Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фондунан 4 500 000 сом бөлүнгөн.