Алга Кылычов алган жаракатынан ооруканага жаткырылган. Аны Бишкек шаардык кеңештин депутаты аткан делүүдө

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, Кой-Таш окуясынын фигуранты Алга Кылычовдун бутуна ок тийди. Бул маалыматты борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, бүгүн 7-августта эртең менен болжол менен саат жетиде тез жардам кызматынын дарыгерлери милицияга Ак-Өргө конушунун жашоочусу К.А.нын (Алга Кылычов) бутуна ок атылганын билдиришкен. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Бирок алар баргыча Алга Кылычовду Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кетишкен.

Үйдө Кылычовдун жубайы бар болгон. Анын айтымында, күйөөсү телефондон Т.Т. (Таалай Темиркулов) менен урушуп кеткен. Темиркулов алардын үйүнө барып, Кылычовго телефон чалып, эшикке чыгууну суранган. Кылычов эшикке чыгып бара жатканда артынан аялы да жөнөгөн. Бирок ал аялынан үйдө калууну өтүнгөн.

Болжол менен 10 мүнөттөн кийин Кылычовдун аялы атылган октун үнүн угуп, көчөгө чуркап чыккан. Ал жактан жарадар жолдошун жана унаасына отуруп, кетип бара жаткан Темиркуловду көргөн. Андан кийин тез жардам чакырган. Аталган факты КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталды. 

Ошол эле учурда социалдык тармактарга окуя катталганга чейин 3 саат мурун көзөмөлгө тартылып калган видео жарыяланды.