Алгачкы алтын! Математика боюнча эл аралык олимпиадада тарых жараткан окуучуну тосуп алышты

Улуу Британияда өткөн 65-эл аралык математикалык олимпиадада алтын, күмүш медаль жеңген окуучулар 23-июлдун таңында Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Балдарды “Манас” аба майданынан Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган министрликтин жетекчилиги, ата-энелери жана журналисттер тосуп алышты. Окуучулар аталган олимпиадада 1 алтын жана 3 күмүш медаль жеңип, биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Кыргызстан курамасынын Олимпиадага баруусуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.