«Дача-СУ ишин прокуратура алып кете албай, саботаж болуп жатканын президент ачык айтты». Бул тууралуу иликтөөчү журналист жана Дача-СУ окуясы боюнча коомдук комиссиянын курамына кирген Али Токтакунов соцтармактагы баракчасына жазды.
«Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтей турган коомдук комиссия түзгөн атабыз, курамына киресизби?» деп президенттик администрациядан чалышкан. Чынында Дача-СУ кырсыгын «Азаттык» бир топ жолу иликтеп, көп маалыматты орду ордуна койгон. Бирок дагы башка маалыматтарга, айрым документтерге албетте, журналисттердин колу жеткен эмес. Ошондуктан алигүнчө күмөндүү суроолорго жооп табылбай келет. Президенттик администрация бардык документтер силерге ачык болот, бардык органдар силерге ыкчам маалымат берет, калыс териштирүүгө жол ачылат деген соң макул болдум.
Андан кийин президент комиссиянын курамын жарыялады. Айрым адамдардын кошулуп калганына нааразылыктарды окудум. Мен деле бир экөөнө кубанычта эмесмин. Бирок 18 мүчөнүн арасында мен урматтаган, эл урматтаган адамдар басымдуу. Бул коллегиалдуу уюм болгондуктан бардык маселе добуш берүү менен чечилет. Анан калса бардык жыйындар ачык өтүшү, онлайн чагылдырылып турушу керек. Кызыкчылыктар кагылышы ойноп кетишине баарыбыз жол бербегенге аракет кылалы. Прокуратура бул ишти алып кете албай, саботаж болуп жатканын президент ачык айтып, коомчулуктан жардам сурап жаткан соң адаттагыдай эле кол кабыш кылып коюу ашыкча болбойт», — деп жазылат журналисттин билдирүүсүндө.