Алиясбек Алымкулов Кадырбек Кошалиевге: «Өлгөндөрдү тирилтип, жаракат алгандарды айыктырып, анан актап алып келе бер»

Бүгүн, 23-майда 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын эстелигинин жанына 30дан ашык адам чогулду. Алар качкын президент Курманбек Бакиев менен УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиевдин маегине нааразылыгын билдиришүүдө.

Чогулгандардын арасында революцияда жаракат алган Алиясбек Алымкулов да бар. Ал Кадырбек Кошалиевге кайрылды. «Бул жерде турган энелердин балдарын кайтарып бер. Өлгөндөрдү тирилтип бер. Жаракаттарын кайра айыктырып бер. Анан актап алып келе бер. Кадыр мырза моралдык да, адамдык да укук берилген эмес. Бул элдин укугу, элдин чечими болушу керек. Сиздин алардын атынан сүйлөгөнгө акыңыз да, укугуңуз да жок. Урматтуу Курултайдын делегаттары, көрүп алгыла кимди шайлап, кимди колдогонсуңар. Садыр Нургожоевич, тынчтыкты биримдикти бузуп жаткан адам жаныңызда жүрөт. Эртең өзүлөрү келсе эмне кылабыз? Биз эч кимге тийишкен жокпуз. Бизге тийишип жатат. Шейит кеткендердин артынан эмне деген сөздөр айтылып жатат»,- деди ал.