Алматыда бир Кыргыз жараны каза болду

Алматы шаарында бир Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, каза болгон жаран фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн жана анын аты-жөнүн аныктоо, сөөгүн мекенине алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Буга чейин «Балдардын биринчи хосписинин» негиздөөчүсү, «Помогать легко» кайрымдуулуук фондунун башчысы Динара Аляева Алматыда каза тапкандардын арасында Кыргыз жарандары бардыгын жана алардын туугандары сөөгүн алып чыга албай жаткандыгын билдирген.