Алмазбек Атамбаевдин медициналык экспертизасынын жыйынтыгы белгилүү болду

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата жүргүзүлгөн медициналык экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болду. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. 

Ал Атамбаевдин абалы коронавирус жуктуруп алгандан кийин начарлап кеткенин айтты. «Адистер жүрөктүн коронардык оорусун, омуртка аралык дисктердин бузулушу менен көкүрөк жана бел омурткаларынын остеохондрозун аныкташты. Анын жүрөк-кан тамыр оорулары бар жана стресстик кырдаалдар жүрөк ооруларынын өтүшүп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн», — деди ал.

Ал экспертизанын бардык материалдары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөнүн белгиледи.