Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын бошотулушун суранып жатышат

«Алмазбек Атамбаев пайгамбар жашына келип калды. Жок дегенде дарыланууга чыгаргылачы?». Бул тууралуу мурдагы президенттин тарапташы Алга Кылычов президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Эгер Кой-Таш окуясынын соту эле кармап турса, Сооронбай Жээнбековдун жомогу менен мен дагы Атамбаевден кийин эле үй камактамын. Калган тарапташтардын эч жакка кетпөө тил каты менен бошоттуңар. Аныңарга рахмат! Кой-Таш окуясы үчүн мен Алмазбек Шаршеновичтин түрмөдөгү ордуна дарыланып келгиче отура деле турайын. Ага деле макулмун. Улуу адам, жашын деле сыйлайлы. Айкөлдүк кылсаңыз, элдин батасын эле алат элеңиз», — деп жазды ал.