«Алты жыл ырдабаганга сагынып да калыптырмын». Келин бир күндө соцтармакты өнөрү менен кантип багындырганын айтып берди

«Алты жыл ырдабаганга сагынып да калыптырмын». Бул тууралуу кечээ, 18-июнда Бишкектин «Ынтымак» сейил багында белгилүү дүйнөлүк хиттерди өзүндөй кылып жандуу ырдаган келин SuperTV каналына берген маегинде билдирди.

«Титаник» тасмасында жаңырган ырдан кийин Уитни Хьюстондун чыгармасын аткардым. Бул сапар диджей бекер эле ырдатты. Аткарып бүткөндөн кийин эл тарабынан кол чабуулар болуп, ышкырыктар угулуп жатты. Алар концертте эле отурушкандай болушту. Ошол жерде канча адам отурса, баары эле менин ырдаганымды тартып жатышкан. Ошолор аркылуу соцтармактарга да жайылып кетти. Алты жыл ырдабаганга сагынып да калыптырмын. Кетип бара жатсак, дагы суранышты», — деди Бегимай Турусбекова.