Алтын Эржанова дайынсыз болуп изделип жатат

1964-жылы туулган Эржанова Алтын Ырсалиевна дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Новопавловкада жашайт. 8-июнда болжол менен саат 11:30 чамасында кызынын үйүнө кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Унутчаактык оорусу бар. Жакындары милицияга арыз жазышканын айтышты.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0709235864 же 102 номуруна чалсаңар болот.