«Алтын казуучу ишкана үчүн». Терек-Сай айылындагы 62 үйдүн жашоочулары көчүрүлөт

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургундары алтын казуучу компаниядан улам көчүрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Терек-Сай айылындагы Мырзабаев көчөсүндөгү 62 үй «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын лицензиялык аянтынын аймагында калган. «Бир нече күн мурун тургундар менен жолуктум. Алардын көчөсү лицензиялык аянттын ичинде калган. Алар көчүрүлүшү керек. Бардык чыгымдарды компания өзүнө алат. Тургундардын 95 пайызы көчүүгө даяр. Бир гана маселе турак жайдын баасын аныктоодо”, — деди облус башчысы. Анын билдирүүсү боюнча, жашоочуларды көчүрүү үчүн айылга жакын 19 гектар жер трансформацияланып жатат.

Көз карандысыз баалоо комиссиясы Терек-Сай айылына 24-июнда барып, 62 үйгө бааларды белгилейт. Жыл башында компания тургундарга жер тилкелерин жана үйлөрдү алардан сатып алууну сунуш кылган. «Үч чечим пландаштырылган. Биринчиси — компенсация төлөнөт (мыйзамдарга ылайык көз карандысыз эксперттердин берген баасынын негизинде), экинчиси — айыл тургундарына өзүнчө жер тилкеси берилет, үчүнчүсү — бул жогорудагы эки варианттын айкалышы. Өкмөттүк комиссиянын акыркы чечимине ылайык, «Эти Бакыр Терексай» тандалган программанын аткарылышын каржылайт», — дешекен компаниядан.