«Алтын» сертификаттын ээси Нуриза Алимбаева: «Өмүрүмдү тарыхка байлагым келет»

«Тестирлөө мен ойлогондон жеңил болгон үчүн жакшы балл алууга ишеним бар болчу. Мага жаңылык күтүүсүз болду. Бирок «алтын» сертификат алууга аракет кылгам», — дейт Жалпы республикалык тестирлөөдө 224 балл алган Ош шаарынын тургуну Нуриза Алимбаева.

Анын айтымында, ЖРТга 1 жыл бою даярданган. «Башында онлайн курстарда окудум. Кийин Ош шаарындагы окуу борборунда курста да окудум», — деди ал. Ал негизги сабактан тышкары дагы эки предметти тандаган. Кыргыз тилден 120 балл алган болсо, тарыхтан 128 балл алган. Ал өзүнүн кыялын орундатуу үчүн кыргыз-түрк «Манас» университетинин тарых адистигине тапшырам деп турат. «Тарых сабагынан сынактарга катышып жүргөндүктөн, тарыхка өмүрүмдү байлагым келген. Ошондуктан тарыхчы болгум келет», — деди ал.

Ошондой эле Нуриза Алимбаева мектепти да кызыл аттестат менен бүтүрүп жатат.