Алтынай Ботоярова сынактын жетекчиси кечирим сураганда эмне үчүн орусча жооп бергенин айтты
АКШда өткөн «Аалам периси» сынагынын уюштуруучуларын кечирим сураткан Алтынай Ботоярова SuperTV`га маек курду. Маек учурунда ал элди кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.
"3 жуманын ичинде көп нерсе болду. Мени Казакстан деп тааныштырды. 3 жолу кечирим сурашты. Сынактын жетекчиси кечирим сурап жатканда мен кыргызча сүйлөйм дедим. Бирок биздин жаныбызда турган котормочу "кечирип кой, мен кыргызча билбейм" деди. Мен эне тилимде эле сүйлөйүн деп жаткам", - деди ал.
«Аалам периси» сынагынын башкы директору Эми Эммерих 15-январда Кыргызстандын өкүлү Алтынай Ботоярованы Казакстандан келген деп тааныштырганы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/culture/aalam-perisi-synagynda-botoyarovany-kyrgyzstandan-emes-kazakstandan-keldi-dep-taanyshtyryshty/">тааныштырганы үчүн кечирим сураган. Анда Ботоярова ага орус тилинде жооп берген. Бул соцтармактарда кызуу талкууга түшкөн.