Актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салды. Жоомартованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-мартта өттү. Аны жакындары, сахналаш достору эскеришти.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ырыс Жоомартованын каза болгонуна байланыштуу маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.
«Абдан көрөгөч, билимдүү айым болчу. Элди сүйүндүргөн тасмаларды тартып, өзү роль жаратып тарыхта калды. Жабышкан оору алып кетти. Биз «жакшы болуп кетсин» деп тилеп жаттык. Жума күнү суук кабар келди. Жакшы адамдар жакшы күнү өтөт экен деп жорудум. Бейиштин төрүндө болсун. Жалган жашоодо жетпей кеткен сыйлыктарды Кудайым таккан болсун деп тилейли. Кош бол!» — деди Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынай Нарбаева.