«Альвия, тагетес, цинния, георгин». Быйыл Бишкекте 1 миллиондон ашуун гүл отургузулат

№1 оранжереяда бир жылдык гүлдөрдүн уругу себилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Биринчи партияда бир жылдык гүлдөрдүн 300 миң уругу себилип, жакында алар тамыр байлайт. «Алгач биздин кызматкерлер ачык жерге отургузганда тамырына зыян келбеши үчүн гүлдү идишке олтургузушат. Жайында борбордо калаабызда 1 000 600 гүл ачылат. «Бишкек жашыл чарбанын» кызматкерлеринин көзөмөлүндө гүлдөр күнөсканаларда өсөт. Бул жылы гүлзарларда сальвия, тагетес, цинния, георгин, агератум жана башка гүлдөр менен кооздолот», — деп айтылат маалыматта.