Алымкадыр Бейшеналиев: «Бир жылдан бери бир да тойго бара элекмин. Тойго да чакыра элекмин»

Кечээ, 1-июлда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-каналга маек берген. Ал маегинде министр учурдагы абал тууралуу, карантиндик чаралар, вакцина ошол эле учурда өзүнүн коронавируска чалдыгып калганы тууралуу айтып берген.

«Баары эле билет. Мен кайсы жерге барсам дагы бет кап тагынам. Официалдуу жолугушууларга барсам дагы кол алышып учурашпайм. Аралыкты сактайм. Кыргызстан боюнча бүт баары билет, ушунча болду бирөө менен барып, тамак да иче элекмин. Конокко кире элекмин. Мен министр болуп ушундай чектөөлөрдү киргизип жаткандан кийин, мен кантип андайга барам. Бир жылдан бери бир да тойго бара элекмин. Тойго да чакыра элекмин», — деди ал.