Алымкадыр Бейшеналиев: “Министрлик кызматка киришүүгө даярмын”

Саламаттыкты сактоо министри кызматына киришүүгө даярмын. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

”Кызматка киришүүгө даярмын. Учурда министрдин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чечет”,— деди ал.

Буга чейин Бейшеналиевдин жактоочусу ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирген.