Алымкадыр Бейшеналиев: «Мындай дарыканаларда дары-дармек 10-15 пайызга арзан болот»

Бүгүн, 4-ноябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын базасында уюштурулган кезектеги “Эл аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Дарыканада эң керектүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15 пайыз арзан сатып ала алат. Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте аптекадагы дары-дармектердин ассортиментин 800 фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.