Буга чейин социалдык тармактарга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин «2 саат операция жасап, «взятканы» чөнтөккө салып, кете берчүмүн» деген видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги министрдин өзү менен байланышып, видеодогу сөздөрдү эмне максатта айтканын сурадык.
Анын айтымында, ал бул сөздөрү менен медайымдардын оор кесиптик түйшүгү бааланбай жатканын айткысы келгенин билдирди. «Ал иш-чара жылда бир келген медайымдардын кесиптик майрамы болчу. Чындыгында эле хирург операция кылып, дары жазып берип коюп, «ыраазычылык» иретинде берилген акчаны алып эле кетип калышат. Медайымдар ал бейтапты 24 саат бою карайт. Алардын эмгегин эч ким баалабайт. Аларды керек болсо, экинчи сорттогу кызматкерлерге киргизип коюшкандар бар экен. А мен 2 саат операция жасап, «взятканы» чөнтөккө салып, кете берчүмүн» деген сөздөрүм менен ошондой хирургдарга тийишип айткам. Аны түшүнгөндөр, түшүнүштү. Мен өмүрүмдө «взятка» же аны азыр «ыраазычылык» деп коюшат экен алган эмесмин, менин байлыгым өзүмө жетет. Мен чындыкты өзүмдү кошуп, образдуу айттым», — деди Бейшеналиев.