Алымкадыр Бейшеналиевди аймактар ​​аралык кастыкты козутууга айыптап жатышат

Талас облусунун тургундары саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы чыгышууда. Бул тууралуу алар бүгүн, 7-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, Саламаттыкты сактоо министринин 4-оорукананын аймактан келген кызматкерлерине айтып жаткан сөздөрү туура эмес. «Урматтуу Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев! Сиздерге жалпы Талас облусунун тургундарынын атынан кайрылабыз. Бул маселени көзөмөлгө алыңыз. Кантип чоң кызматта отурган адам мындай билдирүүлөргө жол берет? Бул кабыл алынгыс нерсе», — дешти алар.

Адвокат Акынбек Авазбеков чиновниктин билдирүүлөрүндө «Аймактар ​​аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыштын белгилери бар экенин баса белгиледи. «Бул факты боюнча биз УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин атына арыз даярдадык. Бүгүн биз расмий түрдө тапшырабыз», — деди ал.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жогорудагы окуя боюнча «эгер менден ката кетип калса, кечирип коюңуздар» деген эле