«Аман болсом, шакектин алтыны да болот деди». Чек ара жаңжалында каза болгон аскердин апасы уулун акыркы жолу көргөн күндү эстеди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда көз жумган, сөөгү жерге берилерде томолой жетип деп айтылган Эсентур Кубанычбек уулунун апасы Кундуз Турдакунова уулунун акыркы күндөрүн эскерди.

«3 баштык белек алып келиптир. Дегеле буга чейин бир нерсе алчу эмес. Мага берчү баштыгында бир шакек менен моюн орогуч бар экен. «Ачыңыз» деди. Ачтым. «Муну тагынып алыңыз» деди. Анан эртеси кайра келгенде, колумда шакек жок болчу. Анан уулум «Эмне тагынган жоксуз, алтын эмес деп тагынбай жатасызбы? Аман болсом, алтыны да болот» деди. Анан айлыгың канча десем, тамашалап «военная тайна» деп калчу», — дейт сыздаган эне.

Кундуз Турдакуновага уулунан эстеликке белекке берген шакеги менен унутуп кийбей кеткен күрмөсү гана калган. «Кийим алганда мактанып, «шымым кандай экен, ушуну жакшы кылып кыскартып берип коюңузчу» деп, каранып калат эле. Кантип ыйлабай коём, ичим ачышып жатат», — дейт көз жашын сүрткөн эне.

Анын айтымында, каза болгон уулунун ашына чейин өкмөт мойнуна алган. «Эми айла жок экен. Мал союп, 2-3 күндөн бери куран окутуп жатам. Андан башка эмне кыла алам?», — дейт ал.

Видеону ушул шилтемени басып өтүп көрө аласыз.