Америкага кирүүнүн жаңы эрежелери жарыяланды

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аталган өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин жарыялады.

Андагы маалыматтарга караганда, 8-ноябрдан тарта Америка Кошмо Штаттарына учак менен бара турган чет элдик жарандар АКШга учакка отурардан мурун эмдөөлөрдүн толук курсун бүтүрүп, эмдөө статусун тастыктап бериши зарыл. Эмдөөдөн өтпөгөн саякатчылар – АКШнын жарандары болобу, АКШнын мыйзамдуу туруктуу жашоочулары болобу же аз сандагы эмдөөдөн бошотулган чет элдиктер – эми жолго чыгардын астында бир күн мурун текшерүүдөн өтүшү керек. Эмдөө алгандар үчүн тестирлөө талабы мурдагыдай эле – учуп кеткенге чейинки үч күндүн ичинде.