Америкалык телеберүүдө Кыргызстандын аймагы Кытайдын бир бөлүгү катары көрсөтүлдү

Америкалык популярдуу The Daily Show Тревер Ной менен телеберүүсүндө Кыргызстан менен Тажикстандын аймактары Кытайдын бир бөлүгү болгон картаны көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, бул чыгарылыш 22-сентябрда чыккан жана Франциянын Австралия менен АКШга карата нааразычылыгына арналган. Уктуруу учурунда алып баруучу Тревор Ной Кытайдын агрессиясына байланыштуу Австралиянын суу астында жүрүүчү кемелери керек экенин айтат. Ошол эле учурда Кытайдын картасы көрсөтүлдү, анда эмнегедир Тажикстан менен Кыргызстандын аймактары да камтылган.