«Аны тааныса эмнеге кыйкырат эле?». Бишкекте кыз ала качууну токтоткон видео жарыяланды

Бишкек шаарынын тургуну кыз ала качуу аракетин токтотту. Видео саат 11:30да Логвиненко көчөсүнүн Москва көчөсү менен кесилишине жакын жерде тартылган.

«Унаа өтүүчү жолду тосууга жетиштим. Мен унаадан түшкөндөн кийин кыз да чыгып, көчөнүн аркы тарабына чуркап жөнөдү. Жигит турмушка чыгууну сунуштагысы келгенин айтты. Бирок алар бири-бирин тааныса, эмнеге мынча кыйкырат эле?» — дейт видеонун автору.