«Апам 15 жашымда кыйнап турмушка берди. Атамдай болгон кишинин жанында басыштан уялчумун» дейт келин

“Тагдыр” көрсөтүүбүздүн бул жолку каарманы – 30 жаштагы Гүлсина Тагайбек кызы. Каарманыбыз 15 жашында апасынын мажбурлоосу менен улуу кишиге турмушка чыкканын айтат. Каарманыбыз учурда 3 баланын энеси.

«Мен Токтогул жакта төрөлгөм. Бирок ал жакта өскөн эмесмин. Ата-энем 2-3 жашымда ажырашкан. Ошондо Бишкекке келгенбиз. 4 бир тууган экем. Улуу эжем менен байкем өзүнчө өсүп калышкан. Мамилебиз жакшы деп айта албайм. 1-класска киргем. 1 айча окуп, жашоо менен күрөшүп жатып, мектептен чыгууга туура келген. Кичинекей кезимден базарда иштедим. Окутушкан эмес. Апам ойлонгон деле эмес болсо керек. Тамганы тааныйм, шар окуй албайм. Жазгандан абдан кыйналам. Кантип сиздерге кайрылсам болот дечүмүн. Жардамга муктаж болгондор кайрылганын көп көрөм. Анан эже жардам берди. Мен деле араң жүрөм, ыйлагым келип», — дейт келин.

Ал мындан тышкары, 15 жашында кыйноо жолу менен турмушка чыкканын айтты. «Анда мен 15 жашта болчумун. Бул нерсе азыр деле жүрөгүмдө калып калган. Апама болгон таарынычым бар. Мен ал кишини тааныбайт элем. Өмүрүмдө көргөн эмесмин. Көпкө чейин ыйлап, апама айтып жүрдүм. Бирок «эрге тийбегенде, катын алмак белең» деп урушуп салчу. Күйөөм 1975-жылкы болчу. Мен жанында баскандан уялат элем. Алыс басат элем», — дейт апасына таарынган келин.